ЧЕК АРА

Чек ара кызматы: тажикстандыктар такталбаган жерге тосмо куруп алышкан

Чек арадагы чыр кечээ Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде катталган.

Тажикстандын жарандары Баткендин Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге тосмо курган. Мындай билдирүүнү УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Окуя аталган аймактагы «Футбол талаасы» деп аталган такталбаган участкада болжол менен 18:30дарда катталган. Анда Тажикстандын Овчи-Калача айылынын тургундары өз алдынча тосмо тургузушкан.

«Буга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, курулушту токтоткон», — деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Азыркы тапта аймакта абал туруктуу деп сыпатталууда. Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп жатат.

Спутник.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»